Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү.
Жаңы орган унаа жана жолдор министрлигинин базасында пайда болду.
Анын жетекчиси Гүлсада Ибраимова ведомствонун милдеттери боюнча
айтып берди. Башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган
техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу.
Ошондой эле органдын функциялары – курулуп жана оңдолуп жаткан
унаа жолдорун көзөмөлдөө, ЕАЭБдин техникалык регламентине
өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана
нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун
министрлер кабинетине кароого жөнөтүү.