Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери уланууда

Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери уланууда. Бул ирет Пакистандан 94 мекендеш жеткирилди, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Ведомство маалыматына ылайык, Исламабад – Бишкек – Исламабад чартердик каттамы уюштурулган.

 

Ушул эле учак менен Кыргызстандагы пакистандыктар кетет. Эки күн мурда Пакистандан 100 жаран жеткирилген болчу. Келгендердин бардыгы учурда обсервацияда.