Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоого жабылат

Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоого жабылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, соода аймактары 22-июнда бир күнгө ишин токтотот. Аларга борбордук чоң базарлар жана кичи базарлар дагы кирет.

 

Ош шаарында көчөлөрдө, коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандардын саны көбөйүп, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жатат. Андыктан базарларда жана башка эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейд өткөрүлүп жатат, — дешти мэриядан.