Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 78 мамлекеттин арасында 76-орунду ээледи

Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 78 мамлекеттин арасында 76-орунду ээледи.

Өлкөнүн индекси мүмкүн болгон 100 баллдын 0,3 деңгээлинде бааланган. Бул тууралуу Energyprom.kz билдирди.

Эң мыкты беш өлкөнү Испания, Италия, Греция, Франция жана Мексика ээледи. Рейтингдин эң төмөн жагында Оман турат.

Индекс беш критерийдин негизинде эсептелген: маданий жеткиликтүүлүк, бай тарых, тамак-аштын сапаты,

маданий-географиялык кызыктуу жерлер.

Тарых байлыгынын критерийи боюнча, Казакстан 100 баллдын ичинен 8,9 баллга, географиялык

кызыктуу жерлер үчүн — 5,3 баллга, маданий жеткиликтүүлүгү үчүн — 5,5 баллга, тамак-аштын

сапаты үчүн — 2,5 баллга, маданий кызыктуу жерлер үчүн — 0 баллда.

Ал эми Кыргызстан бул рейтингге кирбей калган.