«Союз» кемеси экипаждын мүчөсү менен Эл аралык космос станциясынан
Казакстанга келип конду. 61-экспедициянын катышуучусу – АКШ жараны
Кристина Кук. Ал космосто 328 күн жүрүп, аялдар арасындагы рекордду жаңыртты.
Мурдагы рекорд 2017-жылы космосто 288 күн жүргөн америкалык Пегги Уитсонго
таандык болгон. Муну менен изилдөөчүлөр космосто узак жүрүүдө
аялдын организмин иликтөөгө мүмкүнчүлүк алышты.