Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал тууралуу буйрукка 26-октябрда кол койгону белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы А.Кубанычбековду жамаатка да тааныштырды.
Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков башка кызматка которулганына байланыштуу бошотулган.
- Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, Адилет Кубанычбеков — «Silk Way индустриалдык паркы» ЖЧКнын тең түзүүчүсү жана башкы директору.