Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөгө расмий иш сапары менен барат.
Өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей,
Жээнбеков Россияга 28-сентябрда учуп кетет. Иш сапардын алкагында
Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Андан кийин 28-29-сентябрда Венгрияга расмий сапар менен барат.
Анда президент Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат,
ошондой эле өлкө башчысы Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери
Ласло Кёвер менен кезигүүлөр күтүлүүдө.