Октябрда дарыгерлердин компенсациясына 145 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Андан такташкандай, каражат коронавирус менен күрөшүп келген 7 миң 722 медицина кызматкерине берилет.
Сумма саламаттыкты сактоо уюмдарына фонд тарабынан которулду. Жакында кызматкерлерге тапшырылат.