БШК Кара-Балта мэрин шайлоо күнүн белгиледи. Жергиликтүү кеңеш депутаттары шаар жетекчисин 30-ноябрда шайлайт. Эске салсак, 2011-жылдан бери Кара-Балтаны башкарып келген Данияр Шабданов 7-октябрда шаардык кеңештин чечими менен кызматтан алынган.
Калаа мэринин милдетин убактылуу Эмиль Орозбаковго аткарып жатат.