Ордо калаада эң эле караңгы көчөлөргө жарык орнотуу уланууда.
Иштерди “Бишкек жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат.
Кыска мөөнөттө Абдыкадыров, Үмөталиев көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында
көчө чырактары пайда болду. Аталган тилкелерде иштер уланат. Калаа мэри
Азиз Суракматов кызматтарга буга чейин такыр эле көчө жарыгы
жок жерлерде иштер аткарылсын деген тапшырма берген.