Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө суроо-талап төмөндөдү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө суроо-талап төмөндөдү. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтымында, буга дүйнөдөгү инвестициялык абал жана акча которуулардын азайганы себеп.

 

Маалыматка ылайык, мигранттар жөнөткөн акчанын 30 пайызы курулуш тармагына багытталат. Бирок киреше азайып, курулуш дагы токтоп калды. Жалпысынан, пандемияга чейинки абалга өлкө эмки жылдын ортосунда гана келиши мүмкүн, — дешти ведомстводон.