Ошто октябрь айында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө калаадагы калкты тейлөө борбору Араван жана Кара-Суу райондорунун тургундарын да тейлеп жаткандыктан узун кезек жаралууда.
Белгилеп кетсек, жаңы калкты тейлөө борборундагы кызматтарга онлайн түрүндө кезекке туруу системасы киргизилет.