Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тартып күчүнө кирет.
Бул тууралуу Энергетикалык комплексти көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бир киловатт-саатка жаңы тариф боюнча, балдар үйлөрү жана электр кубаты менен жүргөн
унаалар — 1 сом 58 тыйындан төлөшөт. Майнинг-фермалар үчүн — 2 сом 91 тыйын болот.
Ал эми башка тарифтер өзгөрбөстөн мурдагы боюнча калат.