Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулат

Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Туркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк дүйнөсүнүн архитекторлору жана инженерлери бирикмеси менен жолугушуунун жыйынтыгы менен билдирди.

 

Курулуш маселеси Ош шаарынын мэриясы менен такташылды.

 

Ошондой эле Кыргызстан эгемендүүлүк күнүнө карата Сулайман-Тоонун чокусунда флагшток орнотулат.