Россияда 7 миңден ашык кыргызстандык өлкөгө кайтуу арызын тапшырышты.
Мындан тышкары Россияда билим алып жаткан кыргызстандык 4 миң студенти мекенге кайтуу
мүмкүнчүлүгүн күтүшүүдө. Биздин өлкөнүн элчилиги бардыгын чыдап туруусун суранат.
Мынча сандагы жарандарга аба каттамдарын дароо эле уюштуруу мүмкүн эмес.
Жакынкы арада жумасына 2 ирет каттамдарды уюштуруу күтүлүүдө. Алар Москва – Ош жана
Москва – Бишкек. Россиядан Кыргызстанга аба жолдорун уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Жакында Якутия жана Санкт – Петербургдан да учактар келет.