Бишкек мэриясы шаардын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотууну пландап жатат

Бишкек мэриясы шаардын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотууну пландап жатат.

 

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдиргендей, бул суроо Өзбекстандан 350 даана автобус жеткирилгенден кийин чечилет.

 

Коомдук транспорттун партиясы толук келгенден кийин, борбордо автобус, троллейбустар гана каттап, ал эми маршруттук таксилер жаңы конуштарды тейлейт, — деди Кудайбергенов.