Чемпиондор лигасынын финалчылары аныкталды. Англиялык “Манчестер Сити” футбол клубу испаниялык “Реал Мадридди” жарым финалда 4:0 эсебинде утуп Чемпиондор лигасынын финалына чыкты.
Эки клубдун биринчи беттеши Испанияда болуп 1:1 эсеби менен аяктаган. Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болду.
Ал эми 17-майда “Интер” менен “Милан” ойноп “Интер” 1:0 менен уткан. Финал Бишкек убактысы боюнча 11-июнга караган түнү Түркиянын Atatürk стадионунда өтөт.