Коронавирус боюнча бардык маалыматты билүү үчүн атайын сайт ишке кирди

Коронавирус боюнча бардык маалыматты билүү үчүн атайын сайт ишке кирди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, бул үчүн covid.kg сайты жеткиликтүү.

 

Анда жарандарга Кыргызстандагы коронавирус боюнча такталган гана маалыматтар сунушталат. Ошондой эле, анда түз байланыш номурлары дагы бар. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирусту 16 адам жуктурду. Республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилди.