Ошто жашыруун иштеген кумаркана жабылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Ош шаарында жашыруун иштеп келген кумаркана аныкталып, ишине бөгөт коюлганын 12-майда кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, кумарканадан 327 миң сом жана 16 компьютер алынган. Кумаркананын жетекчиси Ж.А. аттуу жарандын жанынан 597 200 сом, 4 800 доллары, 4 000 рубль жана төрт процессор табылган.

Кумаркана иштетүү боюнча жаңы мыйзамга былтыр 30-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Өкмөттүн кумарканаларды иштетүү тартиби тууралуу токтомуна ылайык, лицензиялардын баасы аймактарга жараша бычылган жана 10,5 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп эсептелген.

 

Республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолорду ачуу үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облусу үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилген.

4-майда «Медиахаб» коомдук фонду Кыргызстанда казино иштетүү үчүн алгачкы уруксат кагазын 1 млн. долларга (84 млн. сом) сатып алган ишкердин артында турган адамдар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда лицензия алган ишкер Адилет Абдыманаповдун артында учурда таасирдүү саналган, президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун карааны турганы аныкталганы айтылат.

Иликтөөдө аты аталгандар азырынча ЖМКга комментарий бере элек.