Президенттик шайлоолорго карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча тилкелер ачылышы мүмкүн

Президенттик шайлоолорго карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча тилкелер ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар көп жашаган Тюмень шаарында буга чейин шайлоо участогу ачылган эмес.

 

Андыктан,  жумушчу топ учурда андагы миграция кызматынын базасында тилке ачууну пландап жатат.

 

Ошондой эле, Москвада мекендештердин саны көп болгондуктан, дагы бир участок ачуу зарылчылыгы бар. Учурда бул суроолор чечилип жатат.  Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январга белгиленди.