Чаткал районунда кар көчкү түштү

Чаткал районунда кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массасы бүгүн эртең менен Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында түштү. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 миң кубометрди түзөт.

 

Анын жыйынтыгында, трасса буулуп калган. Жабыркагандар жок. Жолду кардан тазалоого куткаруучулар жана атайын техника тартылды. Трасса кыймылга жабык.