Республика боюнча 8,5 миллион чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Республика боюнча 8,5 миллион чарчы метр аймак дезинфекцияланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 350 куткаруучу, 44 өрт өчүрүүчү

унаа тартылды. Эске салсак, бүгүнкү маалымат боюнча Кыргызстанда

коронавирус жугузгандардын саны 42 адамга жетти.