Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер коронавирустан милдеттүү түрдө эмделет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик органдардын башчыларына, облустардын жетекчилерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине борбордук жана мекемелик бөлүмдөрдүн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тез арада уюштуруу тапшырылды.