Ош — Баткен — Исфана унаа жолун калыбына келтирүү иштери жанданды

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун калыбына келтирүү иштери жанданды. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, пандемияга байланыштуу долбоорду ишке ашыруу кечеңдеген.

 

Күзгө чейин трассанын 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки тилкеси оңдолот. Эске салсак, Ош – Баткен – Исфана жолун калыбына келтирүүгө 116 миллион долларды Япония эл аралык кызматташтык агенттиги бөлүп берет.