Садыр Жапаровго 21 өлкөнүн элчиси ишеним грамота тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана ардак кароолдун учурашуусу менен башталган.
Мамлекет башчыга ишеним грамотаны 21 өлкөнүн элчиси тапшырган:
1.

Германиянын элчиси Габриэла Геллил;

2.

Албания элчиси Кастриот Робо;

3.

Мексика Кошмо Штаттарынын элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорике;

4.

Мавритания ислам республикасынын элчиси Сид Ахмед Эль Бекайе Хамади;

5.

Норвегиянын элчиси Жон Микал Квистад;

6.

Таиланддын элчиси Чатчаван Сакорнсин;

7.

Латвия республикасынын элчиси Ирина Мангуле;

8.

Эфиопия элчиси Адем Мохамед Махмуд;

9.

Йемендин элчиси Мухаммед Мотахар Алашаби;

10.

Итальянын элчиси Марко Альберти;

11.

Бельгиянын элчиси Анри Вантигем;

12.

Босния жана Герцеговинанын элчиси Желько Самарджия;

13.

Гананын элчиси Эрик Овусу-Боатенг;

14.

Румыниянын элчиси Мадалина Лупу;

15.

Эстоннын элчиси Тоомас Тирс;

16.

Доминиканын элчиси Франк Ханс Данненберг Кастельянос;

17.

Канаданын элчиси Алан Хэмсон;

18.

Түндүк Македониянын элчиси Сали Лимани;

19.

Испаниянын элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро;

20.

Грециянын элчиси Эфталия Какиопулу;

21.

Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси Мухаммед Саид Мухаммед Аль-Арики.

Президент Садыр Жапаров элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалаган.
Өлкө башчы алардын ишмердүүлүгү мамлекеттер аралык мамилелер менен кызматташтыкты чыңдоодо жана өнүктүрүүдө оң натыйжа бере турганына ишенимин билдирген.