Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды.

Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, долбоорго

ылайык иштер башталды. Курулушту жүргүзүү үчүн жеңүүчү компания жумуштарга 251 миллион сом сарптайт.

Кошумчаласак, Ак-Буура дарыясынын жалпы 5,5 чакырым жээги көрктөндүрүлөт.

Иштер аяктагандан кийин Навои көчөсүнөн Вакапов тилкесине чейин эс алуу жайы пайда болот.