Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 27 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, объектилерде иштер толук көлөмдө жүрүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата бөлүнгөн сумманын 7 миллион сому өздөштүрүлдү. Эске салсак, Кыргызстан жана эл аралык донор ортосунда билим берүү мекемелерин куруу боюнча макулдашуу 2017-жылы кабыл алынган.