Каракол шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өттү.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкеге бир гана жол белгилерин чийүү жумуштары калды.
Ремонттолгон жолдун узундугу жалпысынан 2 чакырым 300 метрди түзөт.
Долбоорду ишке ашырууга 74 миллион сом сарпталды.