«Түндүк электр» ишканасы электр энергиясын колдонууга чектөө киргизди.
Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, 1 фазалуу колдонуучуларга
5 киловаттык, ал эми 3 фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду. Мындай чектөө
суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жана жарыкты
пайдалануудагы чектөөнү сактоо максатында киргизилди. Белгилеп кетсек,
«Түндүк электр» Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы керектөөчүлөрдү тейлейт.