Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү пландалган жок

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү пландалган жок. Буга “Азаттыкты” Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинен ишендиришүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, алдыдагы 2 жылда тарифтер жогорулабайт.

 

Кыргызстанда  700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын 1 кВт сааты 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын деп орнотулган. . Белгилеп кетсек, акыркы мезгилде  Интернетте электр энергиясынын тарифтери кымбатташы мүмкүн деген маалыматтар тарап жатат.