Улуттук банк жыл эсебинен 11-ирет валюта рыногуна чыкты.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул жолу
55,4 миллион доллар сатылды. Сумма буга чейинки интервенцияга
салыштырмалуу 5 миллион 400 миң долларга көп. Белгилеп кетсек,
Улуттук банк быйыл сомдун курсун кармоого
446 миллион 750 миң доллар багыттады.