Түркия «Сапат» билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргизди

Түркиянын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине жана аларда эмгектенгендерге бир катар чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.

 

20-майда түрк элчилиги тараткан билдирүүдө, «Түркияда ФЕТӨ/FETO (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмуна тиешелүү бардык мектептер жана окуу жайлары жабылганын» билдирди. Маалыматка ылайык, «Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин тутумуна кирген жогорку окуу жайларынын дипломдору жана орто мектептердин аттестаттары Түркияда нострификациялоодон өтпөйт».

“Мындан тышкары, бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн Түркиянын стипендиялык программаларына (Turkiye burslari) берген арыздары кабыл алынбайт. Ошондой эле “Сапат” билим берүү мекемелери ФЕТӨнүн алдында турганда алардын бүтүрүүчүлөрү Түркияда ишке орношо албайт. Түркия жогорудагы мекемелерди жетектеген жана мугалим болуп эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарына Түркиянын мыйзам алкагында ар түрдүү чара колдонуу укугуна ээ”, — деп айтылат Бишкектеги түрк элчилиги тараткан билдирүүдө.

“Сапат” билим берүү мекемелери Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө анын курамында 16 лицей, эл аралык “Ала Тоо” университети, эл аралык “Силк Роуд” мектеби, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектеби бар. Аларда 10 426 мектеп окуучу жана студент билим алат.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Гүленди «террордук уюмдун лидери» атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Түрк бийлиги Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган.

Кыргызстанда «Сапат» эл аралык билим берүү тутумун Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды жетектеп келген. Ал өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап жатканын «Анадолу» агенттиги кабарлаган. Айыптоочу аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон.