Жогорку Кеңеште балага күбөлүк алуунун жолун жеңилдетүү боюнча
мыйзам долбоору каралууда. Документте ата-энеге баласынын туулгандыгы
тууралуу күбөлүктү жашаган жерине карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын
өзүнө ыңгайлуу филиалынан алууга шарт түзүлөт. Андан тышкары,
күбөлүк ата-энесинин паспорту менен гана берилет. Кошумчаласак,
ошондой эле фамилияга да өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык,
“уулу” же “кызы” деген символдун ордуна “тегин” деп атоо каралып жатат.