Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу күзүндө башталат. Министрлер кабинети Кыргызстандын 2022-26-жылдарга темир жол транспортун өнүктүрүү багыттарын бекитти.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу Кытайдан биздин өлкөгө, андан кийин үчүнчү мамлекеттерге товар ташууга мүмкүн болот.