Түркмөнстан өкмөтү улуттук валютанын курсун Америка долларына карата
өзгөртүү ниетинде. Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук банкы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы курс боюнча 1 АКШ доллары 10 манат болору күтүлүүдө.
Түркмөнстанда 2015-жылдан бери улуттук валютанын курсу өзгөрбөй, расмий түрдө
1 АКШ доллары 3,5 манат бойдон сакталып турат. Ал эми 2016-жылдан бери
валютаны нак түрдө алмаштырууга тыюу салынган.