Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүчүлөрдүн санын текшерет

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүчүлөрдүн санын текшерет.

Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо боло турган шаарларга келип, каттоодон өтүп жаткан адамдардын

саны кескин өсүп жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Бул үчүн шайлоо өтө турган

шаарлардагы шайлоочулардын алдын ала тизмеси такталмакчы. Бул маалыматтардын

негизинде анализ жүргүзүүгө болот. Эске салсак, 12-апрелде Ош, Токмок, Балыкчы,

Каракол жана Майлуу-Суу шаарларында жана башка бир катар жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөт.