Ташкент шаарында чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

 

Ташкентке Кыргыз делегациясын жетектеп барган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов төрөгалык кылган кеңешменин жүрүшүндө чек аранын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде 3 айда чечмей болуп жатышканын 12-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда айтылган.

 

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган.

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.