Казакстандан келген 1 миңден ашык адам үйлөрүнө кайтты

Казакстандан келген 1 миңден ашык адам үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы тапта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Өткөрүү түйүндөрү кадимки режимде иштеп, унаалар, жүктөр жана адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатат.

 

Эске салсак, 7-8-февралда “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга 4 миңден ашык казакстандык өткөн. Алар Ысык-Ата жана Чүй райондоруна жайгаштырылган. Ведомство Казакстан менен чектешкен көзөмөл-өткөрмө жайларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.