Өткөн жылы Кыргызстандын 38 айылы таза суу менен камсыздалды.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, 2019-жылы 100 миллион долларга
7 долбоорду ишке ашырууга кол коюлган. Программа ишке ашса 150 миң адам
таза суу менен камсыз болоору күтүлүүдө. Суу өткөрүү системасын
калыбына келтирүү Жалал-Абад, Кербен, Исфана ана Нарын облусунда
жүргүзүлөт. Учурда бардык долбоор боюнча мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүп жатат.