Коменданттык саат учурунда тартипке баш ийбеген жарандар жазага тартылат

Коменданттык саат учурунда тартипке баш ийбеген жарандар жазага тартылат.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар чектөө убактысы бүткөнгө чейин

убактылуу кармалат. Андан тышкары өздүгү аныкталбаган жарандар камакка

алынат жана шаар тургуну эмес болсо коменданттык аймактан чыгарылат.

Эртеңден тарта кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин Бишкек, Ош,

Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда

өзгөчө абал режими башталат. Бул аралыкта жарандар жана

транспорт каражаттары да кыймылга чыкпайт.