Туризм департаментине жаңы директор дайындалды.
Жаңы кызматка Самат Шатманов бекитилди. Ал бир эле учурда
Маданият министринин орун басары кызматын да аткарат.
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Артем Новиков кол койду. Эске салсак, буга чейинки
департаменттин жетекчиси август айында кызматтан бошотулган.