Чоң-Алай районунун жалпы дарыгердик практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы жана жаңы рентген кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.