Бишкекте балдар үчүн музей саякаты уюштурулат

Борбор шаар Бишкекте Жаңы жылдык каникул учурунда балдар үчүн уюштурулган музей фестивалы өтөт. Мэриянын маалыматына караганда, активисттер менен биргеликте уюштурулуп жаткан фестиваль «Мемориалдык музейлерге саякат» деп аталат.

 

Иш-чара 4-6-январда өтөт. Бир күндө балдар төрт музейди (Исхак Раззаковдун музейи, Семен Чуйковдун, Ольга Мануилованын үй-музейлери жана Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана-музейи) кыдырып чыгып, мастер-класстарга катыша алышат.

 

Cаякаттын маршруту Бишкектин көчөлөрүн кыдырып сейилдөө менен коштолот. Балдарга архивдик тасмалар да көрсөтүлүп, алар сүрөт тартуу, скульптура жана кагаздан гүл жасоо өнөрү менен тааныша алышат.

 

Окуучулардын кышкы каникулу 30-декабрда башталды. Окуу 12-январда уланат.