Бишкектеги «Ынтымак» сейил багына Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына карата бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, сейил бакка 20 даана кызыл клён жана 20 даана лип дарагы отургузулду.
«Аталган иш-чарага Ленинград блокадасынын катышуучулары, студенттер жана окуучулар катышты. Иш-чарада курман болгондор эскерилди», — деп жазылат мекеменин маалыматында.