Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү учак алып келди

Кыргызстанга «Airbus A220» тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган учактын салону 145 орунга ылайыкташкан.

 

“Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап жаткандыктан тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө»,- деп жазылат билдирүүдө.