Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдолот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, анда учурда эки эс алуу аймагынын курулушу жүрүп жатат – Кыргызстан жана Азербайжан элдеринин ынтымак багы, ошондой эле Балалык багы.
Андыктан, Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаевден Сухэ-Баторго чейин узартуу чечими кабыл алынган. Жумуштардын биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталат, — деди Уезбаев.