Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда

Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда.

Бир жумадан көп убакыттан бери Проектируемая көчөсүнүн 15 үйү таза суусуз күн кечирүүдө.

Алардын айтымында, туругундардын мындай абалга кабылышына Таш-Мойнок айылдык кеңешинин

депутаты Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен 22-июлда суу дарбазасынын жанындагы

түтүктүн бир бөлүгү кесилген, тургундардын үйүнө тартылган түтүк жабылган абалда болчу.

Депутат айылдыктарды суусуз калтырып суу түтүгүн калыбына келтирүү аракети болсо

массалык башаламандык уюштураарын айтып коркуткан.  Бешкүнгөйлүктөр бийликтен

чара көрүүнү жана таза сууга кошуп берүүнү суранышууда. Укук коргоо органдары

тургундардын даттанууларына чара көрө элек.