БШК Фейсбук менен кызматташууну улантуу боюнча келишим түздү

Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Фейсбуктун программаларын жана аспаптарын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Фейсбукка ыраазычылыгын билдиргени айтылат маалыматта.

 

«Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө маанилүү роль ойноп келет. Алар баарлашуунун жана маалыматты таркатуунун маанилүү каражаттары болуп эсептелет. Андыктан биз Фейсбук тармактары тарабынан буга чейин жасалган кадамдардын канчалык маанилүү экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ал шайлоо өнөктүгүнүн, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошондой эле жалган саясий жарнамалардын жайылтылышы менен күрөшүү үчүн күчтүү негиз боло алат«, — деди Шайлдабекова.

Фейсбуктун мамлекеттик саясат боюнча директору Жордж Чен Фейсбуктун Кыргыз өлкөсүндө маанилүү ролун баса белгилеп өттү.

«Биз Кыргыз өкмөтү менен жакшы мамиледе болгонубузга сыймыктанабыз. Ал эми өткөн жумада биз Глазгодо (Шотландия) болуп өткөн COP 26 климаттык конференциясы учурунда биздин стендди келип көрүшкөн президенттин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басарларынын бирин кабыл алуу урматына ээ болдук.

Президент Садыр Жапаров дүйнө менен алака түзүү жана Кыргыз өлкөсүнүн имиджин көтөрүү үчүн социалдык медиа каражаттарын колдонуу зарылдыгы тууралуу белгилеп кетти. Биз Кыргыз өлкөсү менен ар кыл өӊүттө, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да иш алып барабыз, Борбордук шайлоо комиссиясынын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн биздин кызматташтыгыбыз улана бермекчи«, — деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти жана БШК күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуучу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого алынган бардык партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Фейсбукка көрсөтө тургандыгы тууралуу келишим түзүштү. Муну менен өз саясатынын алкагында инсанды документалдык тастыктоо аркылуу идентификациялоо жүрмөкчү, бул учурда белгилүү аккаунт алдында кандай адам катталгандыгы белгилүү болот.

БШКнын төрайымы Фейсбуктун мүмкүн болгон даттанууларды жекече кароого даярдыгына ыраазычылыгын билдирди.

«Жалпысынан учурда негизги талапкерлер жана партиялар өз билдирүүлөрүндө тыюу салынган ыкмаларды, тыюу салынган контенттерди колдонушпагандыгын көрүүгө болот. Бирок азырынча бизде партиялардын негизги аккаунттарынын тар чөйрөсүнө гана мониторинг жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми силерден маалымат ала турган болсок, социалдык тармактарда маалыматтык талааны, «МЕТА» тармактарынын бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот. Бул бизге чыныгы шайлоодо маалыматтык жагдайдын тазалыгы боюнча чараларды көрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи«, — деп билдирди Шайлдабекова.
https://www.super.kg/kabar/news/385151/