Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет

Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет. 1-апрелден тарта Кыргызстандын бардык жарандарын киреше-чыгашасы тууралуу мамлекетке отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет.

 

Ага ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат.

 

Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөт. Бирок Экономика министрлиги парламентке бул мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.