Жогорку Кеңеш сентябрга чейин каникулга тарады

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VI сессиясы өз ишин аяктады.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун 30-июндагы кезексиз сессияда билдиргенине караганда бул сессияда

парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Өкмөттүн, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын

жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15372 кайрылуусу каралганын билдирди.

Жогорку Кеңештин акыркы жыйындарында жапырт кабыл алынган мыйзамдардын ичинен «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү»

мыйзам «сөз эркиндигине, демократиялык жетишкендиктерге каршы» мыйзам катары коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде

иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

Быйыл 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болот.